Бул тууралуу бүгүн, 2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында өткөн облустун улук сот приставдарынын 2025-жылдын 12 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешмеде белгилүү болду.
Иш-чарага Талас облустук башкармалыгынын башчысы Кубат Манапбаев, Талас облусунун улук сот приставы Калыс Анарбеков, кадрдык камсыздоо секторунун башчысы Айдайкан Кожокулова, Сот приставдар кызматынын башкы адиси Чынарбек Попоев, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн улук сот приставдары катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү каралып, жыйынтыктар талданып, көйгөйлүү маселелер белгиленди. Берилген маалыматка ылайык жалпысынан 381 сот актысы келип түшүп, анын ичинен 334 сот актысы аткарылган, бул 87 % түздү. Ал эми 25 сот актысы жүйөлүү себептерден улам аткарылган эмес, ал эми 22 сот актысы аткаруу стадиясында турганы белгиленди.
Талас облусунун улук сот приставы Калыс Анарбеков иштин натыйжалуулугун мындан да жогорулатууга багытталган системалуу иштерди улантуу зарылдыгын баса белгиледи.
Кадрдык камсыздоо секторунун башчысы Айдайкан Кожокулова коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын ишенимин бекемдөө, кызматтык этиканы сактоо жана ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Кеңешменин жыйынтыгында Калыс Анарбеков сот приставдарынын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берип, бардык кызматкерлерди жоопкерчиликтүү, так жана натыйжалуу иш алып барууга чакырды.


