2025-жылдын 23-июнунда Талас облусунун Айтматов районунда Сот приставдар кызматынын бөлүмүнө жаңыдан дайындалган сот приставдарынын салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Сот приставдар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык өткөрүлдү. Кызматкерлердин антын Талас облусу боюнча Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Калыс Анарбеков кабыл алды.
Аземдин жүрүшүндө ал жаңы кызматкерлерге кызматтык төш белгилерин тапшырып, аларга чың ден соолук, кызматында ийгиликтерди каалап, мамлекет тарабынан сот приставдарына жүктөлгөн жогорку жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз сөзүндө ал кесиптик милдеттерин аткарууда мыйзамдарды так сактоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Жаңы кызматкерлерди дайындоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан мурда өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлдү.
Конкурс Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, кадрдык резервди түзүүгө багытталган.
Ант берүү сот приставдарынын кесиптик жактан калыптанышынын маанилүү этабы болуп саналат, бул алардын мыйзамга жана коомго ак ниет жана чынчыл кызмат кылууга даяр экендигин тастыктайт.