Сот жыйналышынын катчысы жана соттун улук катчысы орундарына коюлуучу талаптар:
- Жогорку юридикалык билимдүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын билүү;
- Ченемдик укуктук актылар жана кызматтык документтер менен иштөө көнүмдөрү;
- Жоопкерчилик, тактык, кылдаттык;
- Жогорку жүктөм шарттарында иштей билүү;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Иш тажрыйбасы:
- Иш тажрыйбасы талап кылынбайт.
Кызматтык милдеттер:
Сот жыйналышынын катчысынын милдеттери:
- Сот отурумдарын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
- Сот отурумдарыным протоколдорун жүргүзүү жана тариздөө;
- Процессуалдык документтерди даярдоо жана тариздөө:
- Иштерди кароого байланыштуу судьянын тапшырмаларын аткаруу;
- Кириш жана чыгыш кат алышуулар менен иштөө ж.б.
Соттун улук катчысынын милдеттери:
- Жазык иштерди жана укук бузуулар жөнүндө иштер, жарандык, административдик, экономикалык иштер материалдар боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү камсыз кылуу.
- Сот жыйналышынын катчылары тарабынан иштердин жана материалдардын өз убагында берилишин кабыл алуу, жүргүзүү жана эсепке алуу.
- Коштоочу жана башка каттарды даярдоо, тариздөө ж.б.
Шарттары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алуу;
- Туруктуу эмгек акы;
- Сот тутумунда кесиптик өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү.
Керектүү документтеридин тизмеси:
- Резюме ;
- Өмүр баяны сүрөтү менен;
- Өздүк баракча сүрөтү менен;
- Жогорку юридикалык билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Аскер билетинин көчүрмөсү (балдар үчүн);
- Ден соолугу тууралуу жана соттуулугу бар же жоктугун тастыктаган маалымкаттар;
- Башка документтер (болсо).
Документтерди тапшыруу жана башка маалыматарды алуу үчүн :
Дареги: Бишкек шаары, И. Ахунбаев көчөсү 119 а.
Телефон: 0 312 52-32-01
0 705 18-46-52


