KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун аппараттарына сот отурумунун катчысы кызмат орундарына талапкерлерди конкурстук сынагы жок кабыл алуу алууга жарыя кылынат

30 марта 2026

Сот жыйналышынын катчысы кызматына коюлуучу талаптар:


— Жогорку юридикалык билимдүү;


— Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын билүү;


— Ченемдик укуктук актылар жана кызматтык документтер менен иштөө көнүмдөрү;


— Жоопкерчилик, тактык, кылдаттык;


— Жогорку жуктөм шарттарында иштей билүү;


— Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


Иш тажрыйбасы:


— Иш тажрыйбасы талап кылынбайт.


Кызматтык милдеттер:


— Сот отурумдарын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;


— Сот отурумдарыным протоколдорун жүргүзүү жана тариздөө;


— Процессуалдык документтерди даярдоо жана тариздөө:


— Иштерди кароого байланыштуу судьянын тапшырмаларын аткаруу;


— Кириш жана чыгыш кат алышуулар менен иштөө.


 


Шарттары:


— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алуу;


— Туруктуу эмгек акы;


— Сот тутумунда кесиптик өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү.


 


Сот жыйналышынын катчысына бош ваканттык оруну бар райондук сот жана жайгашкан дареги:


— Чүй облустук соту – Бишкек ш, Юдахин көч. 62;


— Чүй облусунун Административдик соту – Бишкек ш, И. Ахунбаева көч. 119 а;


— Чүй облусунун Панфилов райондук соту – Панфилов р-ну, Каинды шаары, Мира көч, 13а;


— Чүй облусунун Жайыл райондук соту – Жайыл р-н, Кара-Балта ш, 8-март көч, 43;


— Чүй облусунун Москва райондук соту – Москва р-н, Беловдоск а, Победа көч, 1


— Чүй облусунун Сокулук райондук соту – Сокулук р-н, Сокулук а, Школьная көч, 7;


— Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту – Ысык-Ата р-н, Кант ш, Ленин көч, 41;


— Чүй облусунун Чүй райондук соту – Чүй р-н, Токмок ш, Ленин көч, 377;


— Чүй облусунун Кемин райондук соту – Кемин р-н, Кемин ш, Ленин көч. 3


 


Керектүү документтеридин тизмеси:


— Резюме ;


— Өмүр баяны сүрөтү менен;


— Өздүк баракча сүрөтү менен;


— Жогорку юридикалык билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү;


— Паспорттун көчүрмөсү;


— Аскер билетинин көчүрмөсү (балдар үчүн);


— Ден соолугу тууралуу жана соттулугу бар же жоктугун тастыктаган маалымкаттар;


— Башка документтер (болсо).


Документтерди тапшыруу жана башка маалыматарды алуу үчүн :

— Дареги: Бишкек шаары, И. Ахунбаев көчөсү 119 а.

— Телефон: 0 312 52-32-01

0 705 18-46-52