2025-жылдын 24-июнунда Базар-Коргон райондук Сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулары тарабынан мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу боюнча соттун чечими мажбурлап аткарылды.
Аткаруу иш-аракеттеринин негизинде 2024-жылдын 23-декабрында Базар-Коргон райондук сотунун чечимине ылайык берилген аткаруу барагы болгон. Сот тарабынан тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жер тилкесинде өз алдынча курулуштар жүргүзүлгөнү аныкталган.
Сот чечимин ыктыярдуу түрдө аткарууга берилген мөөнөткө карабастан, мыйзамсыз курулуштар бузулган эмес. Ошондуктан, 2025-жылдын 24-июнунда аткаруу өндүрүшүнүн алкагында курулуштарды мажбурлап бузуу иштери жүргүзүлдү.
Соттун чечимин мажбурлап аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылды.