Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында 2024-жылдын 13-январында Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун бөлүм башчылары, Чүй облусунун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот аткаруучулары жана Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот приставдарынын катышуусу астында жыйын болуп өттү.
Жыйында Башкармалыктын башчысы Э.Ш. Ачикеев “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзам кабыл алынып, 2025-жылдын 20-январынан баштап күчүнө кирээри жөнүндө түшүндүрдү.
Башчы Э.Ш. Ачикеев тарабынан, ар бир соттун бөлүм башчылары, САКБнун улук сот аткаруучулары жана СПКБнун улук сот приставдары коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кызматкерлер арасында тиешелүү жыйын өткөрүп жана түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсүн тапшырма кылып жана ошондой эле сот тармагындагы кызматкерлердин этикасы, кызматтык форма кийүүсүн көзөмөлгө алууну баса белгиледи.