KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Сот адилеттик үйүндө сот тутумунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

28 апреля 2026

2026-жылдын 25-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сот адилеттик үйүндө 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата сот тутумунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Аталган иш-чара Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, жамааттык ынтымакты бекемдөө жана достук мамилелерди өнүктүрүү максатында уюштурулду.


Мелдешке Сот адилеттик үйүндө эмгектенген кызматкерлер катышып, турнир жамааттын биримдигин бекемдөөгө, ынтымакты арттырууга жана сергек жашоого үндөөгө багытталды.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдешке 6 команда ат салышты. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, командалык биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.


Мелдештин жыйынтыгында:



  • биринчи орунду жана өтмө кубокту Манас шаардык сотунун командасы жеңип алды;

  • экинчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун командасы ээледи;

  • үчүнчү орун Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын командасына ыйгарылды.


Мындан тышкары, «Эң мыкты дарбазачы», «Эң мыкты коргоочу», «Эң мыкты оюнчу» жана «Эң мыкты чабуулчу» номинациялары боюнча мыктылар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.


Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Бекболот Сейталиев жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Улук Токтосунов жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришти. Алар мындай спорттук иш-чаралар жамааттык биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, ушул сыяктуу мелдештер мындан ары да байма-бай өткөрүлүп турарын билдиришти.