KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек жана Ош шаарларында студенттер менен жолугушуулар өткөрүлдү

10 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти: кечээ жана бүгүн” темасында конок лекцияларды өткөрүштү.


Иш-чаранын максаты болуп студенттерди Сот департаментинин ишмердүүлүгү, милдеттери, сот тутумундагы орду жана жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштыруу болуп саналат. Лекцияга 150гө жакын студент катышышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Сот департаментинде жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилип, сот актыларын жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилгени белгиленди.


Лекцияларды төмөнкү адистер өткөрүштү:



  • Сагыналиева Назира Беккуловна — маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы;

  • Жамакеев Асанаалы Беккулович — Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси.


Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын кадрларды камсыздоо секторунун башчысы Медербек Мамажунус уулунун катышуусунда Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасында тегерек стол өткөрүлдү.


Тегерек столдо студенттер менен “Сот адилеттигин камсыз кылууда Сот департаментинин ролу” темасында талкуу жүрүп, сот тутумунда Сот департаментинин орду, жарандардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоодогу мааниси жана учурдагы көйгөйлөр менен өнүгүү жолдору боюнча пикир алмашуулар болду.


Мындай иш-чаралар Сот департаментинин ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга, жаш муундар арасында сот тутумуна болгон ишенимди арттырууга жана сот адилеттүүлүгүнүн принциптерин бекемдөөгө багытталган.