Нарын шаарында укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кесиптик майрамдарына жана Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган II Спартакиада болуп өттү. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү уюштурду.
11 команда катышкан бул иш-чарада Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын жана Сот приставдар кызматынын командасы 4-орунду ээледи.
Жыйынтыгы боюнча:
- Шахмат (эркектер) — 1-орун: Жумгал райондук Сот приставы Алмаз Шаршенов;
- Шахмат (айымдар) — 2-орун: Нарын облустук сотунун жетекчисинин катчысы Аделина Сатыбалдиева;
- Аркан тартыш (эркектер) — 3-орун: Ат-Башы райондук Сот приставы Казыбек Жамгырчиев;
- Армрестлинг (айымдар) — 3-орун: Ат-Башы райондук Сот приставы Эсенбек кызы Мунара;
- Стол тенниси (айымдар) — 4-орун: Нарын облустук Сот департаментинин кызматкери Алсу Рысбекова;
- Стол тенниси (эркектер) — 4-орун: Нарын облустук башкармалыктын кызматкери Акылбек Мамыткулов жана Сот приставы Алмаз Шаршенов.
Мындай иш-чаралар антикоррупциялык маданиятты жана достук мамилени чыңдоого, кызматкерлердин биримдигин бекемдөөгө жана алардын мыйзамдуулук менен ак ниеттик принциптерине негизделген иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.


