2025-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облусутук башкармалыгында «Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу» темасында маалыматтык-түшүндүрүү семинары өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле Нарын шаарынын жана Нарын районунун САКБларынын сот аткаруучулары катышышты.
Семинар Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Талант Кадыровдун жана милициянын майору Мээржан Нурманбетовдун көмөгү менен уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жоболору түшүндүрүлүп, төмөнкү маселелер талкууланды:
- үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуунун укуктук негиздери;
- үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун негизги түрлөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зомбулук аракеттери үчүн жоопкерчилик чаралары.
Ошондой эле катышуучуларга төмөнкү күнү-түнү иштеген шашылыш жана укуктук жардам көрсөтүү кызматтары тууралуу маалымат берилди:
- 102 — ички иштер органдары (милиция);
- 111 — балдардын ишеним телефону;
- 114 — юридикалык жардам кызматы;
- 115 — Акыйкатчы институтунун байланыш линиясы.
Жолугушуунун соңунда укуктук сабаттуулукту жогорулатууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган тематикалык презентация көрсөтүлдү.