KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарында коррупцияга каршы иш чаралар өткөрүлдү

07 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Сот департаментинин аймактык башкармалыктарында жана Сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүндө коррупциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча иш чаралар өткөрүлүүдө.


Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү.


Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Шерматов соттордун бөлүм башчылары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коррупциянын коомго жана мамлекетке тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берди.


Жыйында кызматтык тартипти бузуу жана кызмат абалынан туура эмес пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар каралды. Ар бир кызматкердин коррупцияга каршы күрөштөгү жеке жоопкерчилиги өзгөчө белгиленди. Жыйынтыгында кызматкерлер мыйзам талаптарын так сактоого, ачык-айкындуулук жана абийирдүүлүк менен милдеттерин аткарууга чакырылды.


Ош облусунун сот приставдар кызматында улук сот приставы Руслан Моллоумаров аймактык жана райондук Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоо боюнча жыйын өткөрдү.


Жыйында коррупциянын келип чыгуу себептери жана аны болтурбоо чаралары талкууланды. Сот приставдарына жарандарга кеңеш берүү тыюу салынары, анткени бул алардын ыйгарым укуктарына кирбери белгиленди. Ошондой эле жарандарга карата этикалык нормаларды сактоо маселеси көтөрүлүп, ар бир кызматкерди өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга чакырды.


Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын убактылуу милдетин аткаруучу – облустун улук сот приставы Нурислам Искандаров Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрдү.


Иш чаралар мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кызматтык абалды кыянат пайдаланууга жол бербөө максатында өткөрүлдү.