KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын, Баткен жана Талас облустарында Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү

23 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын, Баткен жана Талас облустук башкармалыктарында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар уюштурулду.


Нарын облусунда жергиликтүү соттордун жана Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди даңазалоого багытталган сынак болуп өттү.


Сынакка катышкан командалар улуттук кийимдерди жана тамак-аштарды көрсөтүп, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуп беришти. Ошондой эле улуттук аспаптарда ойношуп, кыргыз элинин каада-салттарын чагылдырышты.


Жыйынтыгында Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун командасы баш байгени утуп, сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Калган командаларга да сыйлыктар Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев тарабынан тапшырылды.


Иш-чаранын соңунда Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Гулбара Кудабаева сөз сүйлөп, сынак жогорку деңгээлде өткөнүн билдирип, мындай маданий иш-чаралар улуттук аң-сезимди калыптандырууда жана кыргыз маданиятын жайылтууда чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.


Баткен облусундагы иш-чарада болсо башкармалыктын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Нурислам Искадаров жана кызматкерлер мамлекеттик тил тууралуу баяндама жасап, макал-лакаптарды айтып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окушту.


Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тил күнүнө арналган лекцияга катышышты. «Кыргыз тили – эне тили» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк өнүгүү» негизги багыттарын ишке ашырууга арналган иш-чара Талас мамлекеттик университетинде өттү.


Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин мааниси, анын улуттук аң-сезимди өнүктүрүүдөгү ролу, ошондой эле кыргыз тилин элдин руханий биримдигинин негизи катары мындан ары бекемдөө жана жайылтуу боюнча чаралар тууралуу сөз болду.


Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрында жарыяланган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2025-жылдын 12-августундагы №202 буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.