KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунда сот приставдары мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу жөнүндө соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүштү

06 июля 2026

Нарын облусунун Нарын аймактык Сот приставдар кызматынын сот приставдары Нарын шаардык соту тарабынан берилген беш аткаруу барактарынын негизинде мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу жөнүндө сот актыларын мажбурлап аткаруу иш-чараларына катышышты.


Аталган аткаруу документтерине ылайык төмөнкү даректерде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлдү:



  • Нарын шаары, М.Молдокадыров көчөсүндө жайгашкан, М.М.ге тиешелүү жалпы аянты 45,6 чарчы метр жер тилкеси;

  • Нарын шаары, М.Молдокадыров көчөсүндө  жайгашкан, Н.М.ге тиешелүү 168,63 чарчы метр жер тилкеси;

  • Нарын шаары, М.Молдокадыров  көчөсүндө жайгашкан, Ж.М.ге тиешелүү 194,62 чарчы метр жер тилкеси;

  • Нарын шаары, М.Молдокадыров көчөсүндө  жайгашкан, Т.И.го тиешелүү жалпы аянты 511,24 чарчы метр жер тилкеси;

  • Нарын шаары, М.Молдокадыров  көчөсүндө  жайгашкан, Н.Ш.ге тиешелүү жалпы аянты 424,21 чарчы метр жер тилкеси.


Сот приставдары аткаруу документтеринин мыйзам талаптарына ылайык өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, ошондой эле аткаруу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында кызматтык милдеттерин аткарышты.


Жыйынтыгында соттун аткаруу барактарында көрсөтүлгөн талаптар аткарылып, мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу боюнча аткаруу иш-чаралары белгиленген тартипте жүргүзүлдү.