2026-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын облусунун Административдик сотунун жана Нарын шаардык сотунун кызматкерлери катышышты.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Нарын облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Айзада Иманкулова катышып, коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын кеңири түшүндүрүп, ошондой эле аймакта коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Мамлекеттик кызматкерлердин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуунун негизги механизмдеринин бири катары бирдиктүү салык декларациясын өз убагында жана туура тапшыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, анын негизги максаты – коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир элементи экени баса белгиленди. Тиешелүү талаптарды сактабаган учурда кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги эскертилди.
Сот департаментинин 2026-жылга карата бекитилген иш-планынын алкагында Нарын облусунун улук сот приставы Жолдошбек Шамбетов коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча негизги иш багыттарын белгилеп өттү. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган бардык суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты.
Ушундай эле жумушчу жыйын Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында өткөрүлүп, анда башкармалыктын башчысы Акжол Нарбаев кызматкерлер менен мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартип, кесиптик этика жана мамлекеттик кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерин талкуулады.
Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралардын сөзсүз көрүлүшү маселелерине өзгөчө басым жасалды. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштер системалуу жана туруктуу негизде жүргүзүлөрү белгиленди.
Акжол Нарбаев кызматкерлерди кызматтык тартипти так сактоого, жеке жоопкерчиликти жогорулатууга жана кесиптик этиканын талаптарын так аткарууга чакырды.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137-ПЖ Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.


