KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облустук башкармалыгында кызматкерлер үчүн өрт коопсуздугу боюнча окуу уюштурулду

24 апреля 2026

2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук Башкармалыгы менен биргеликте өрт коопсуздугу боюнча практикалык окутуу уюштурду.


Иш-чарага облустук башкармалыктын кызматкерлери, Нарын аймактык Сот приставдар кызматынын сот приставдары, Нарын облусунун административдик жана Нарын шаардык сотунун кызматкерлери катышышты.


Окутуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук Башкармалыгынын Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүнүн алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери майор Темирбек Боскунчиев өрт коопсуздугунун негизги талаптарын, өрттүн келип чыгуу себептерин, анын алдын алуу чараларын жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелерин кеңири түшүндүрдү.


Ошондой эле өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоо тартиби жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маанилүү маалыматтар берилди.


Практикалык бөлүгүндө кызматкерлерге шарттуу түрдө өрт чыккан кырдаал моделдештирилип, кызматкерлердин координацияланган аракеттери машыктырылды. Мындан тышкары, катышуучуларга өрт өчүрүүчү каражаттарды (огнетушитель) туура колдонуу ыкмалары көрсөтүлдү.


Иш-чара интерактивдүү форматта өткөрүлүп, кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден кеңири жоопторду алышты.


Аталган иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин өрт коопсуздугу жаатындагы билимдерин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өрт чыккан учурда туура, ыкчам аракеттенүүнү калыптандыруу болуп саналат.