KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облустук башкармалыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

11 марта 2025

2025-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасының Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Иш-чарага Ж. Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык табигый илимдер факультетинин студенттери катышышты.


Студенттерди Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Адилет Чакиев тосуп алып, Башкармалыктын ишмедүүлүгү,  сот тутумундагы санариптештирүү, коррупцияга каршы аракеттенүү жана сот кызматкерлеринин ишинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, студенттерге ийгиликтерди каалап, келечекте сот тутумунда кызмат өтөөсүнө тилектеш экенин билдирди.


Андан соң, Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Өмүралиев студенттер менен суроо-жооп иретинде маектешип, аларга сот кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу маалымат берди.


Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер уюштурулган ачык эшиктер күнү үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууну сунушташты.