Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук башкармалыктарында коррупциянын алдын алуу жана кызматтык этиканы сактоо боюнча чараларды күчөтүүгө арналган протоколдук жыйындар болуп өттү.
Жыйналыштын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Динислам Кожоакматов коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык коррупциянын алдын алуу боюнча негизги чараларды, ошондой эле коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана иликтөө тартибин түшүндүрдү. Андан соң кызматкерлерге жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, сылык жана туура мамиле кылуу жана кесиптик этикалык нормаларды бекем сактоо зарылдыгын эске салды.
Ошондой эле коррупциянын алдын алуу жана кызматтык этиканы сактоо боюнча чараларды күчөтүүгө арналган иш-чаралар Сот департаментинин Чүй жана Нарын облустук башкармалыктарында болуп өттү.
2025-жылдын 3-5-декабрында Чүй облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Токтобек Абельдиев жана кадрдык камсыздоо секторунун башчысы Куткелсин Жээналиева Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери үчүн көчмө кеңешмелерди өткөрүштү. Жолугушууларда кесиптик стандарттарды сактоо, жарандарга туура, сылык мамиле кылуу жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.
2025-жылдын 10-декабрында Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы жыйын өткөрүп, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңири лекция окушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын жоболору, коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу элементтери баяндалды.
Жыйындын соңунда Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев коррупцияга каршы мыйзамдар боюнча билимди үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана ченемдик актыларды кылдат изилдөө зарылдыгын белгилеп, ошондой эле ар бир кызматкердин өз кызматтык милдеттерин так, ак ниет, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу аткаруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды, кызматтык тартипти жана этикалык нормаларды так сактоо аркылуу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.


