2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун 2025–2028-жылдарга карата ишке ашыруу планынын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Атап айтканда, Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери сот приставдары кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Нарын тарых жана жер таануу музейине барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасы менен таанышып, салттуу турмуш-тиричиликти чагылдырган экспонаттарды көрүштү. Өзгөчө жүн ийрүү сыяктуу салттуу кол өнөрчүлүктү иш жүзүндө байкап көрүү мүмкүнчүлүгү чоң кызыгуу жаратты.
Ошол эле күнү башка облустарда да тематикалык жолугушуулар жана талкуулар уюштурулду. Талас облусунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас кампусунда «Кыргыз тилим — адилеттүүлүккө үндөгөн тил» темасында жолугушуу өтүп, мамлекеттик тилди кеңири колдонуу жана улуттук баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланды.
Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн иш-чараларда катышуучулар улуттук мурастарды сактоо, коомдун руханий өнүгүүсү жана уңгужолдун негизги багыттары боюнча пикир алышып, талкуулашты.
Мындай иш-чаралар маданий аң-сезимди бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана коомдо мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги максаты — мамлекеттик жана коомдук институттардын ишин бир нукка багыттоо аркылуу нарктуу, мекенчил жарандарды тарбиялап, күчтүү мамлекет куруу болуп саналат.


