KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктарында студенттер үчүн ачык эшик күндөрү өттү

20 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад жана Ош облустук башкармалыктарында студенттерди сот тутумунун ишмердүүлүгү менен тааныштырууга багытталган Ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү.


Жалал-Абад облустук башкармалыгы менен Жалал-Абад облустук соту аталган иш-чараны биргеликте уюштурду.


Жолугушуунун алкагында Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Нургазы Ысманов Сот адилеттик үйүнүн имараты менен тааныштыруу максатында экскурсия өткөрүп, сот тутумунун түзүмү жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.


Катышуучулар соттун ишинин уюштурулушун ичинен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.


Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Улугбек Токтосунов жана Жалал-Aбад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот отурумунун залдарын, кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн жана башка кызматтык жайларды көрсөтүү менен экскурсияны толукташты.


Иш-чаранын уландысы катары презентация көрсөтүлүп, анын жүрүшүндө студенттерге кызыктырган суроолорун берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Судья Нургазы Ысманов суроолорго кеңири жооп берип, юридикалык чөйрөдө келечектеги кесиптик багытты тандоо боюнча сунуштарын берди.


Ушундай эле иш-чара Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында дагы өткөрүлүп, ал жерде Ош гуманитардык-технологиялык колледжинин «Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу» адистиги боюнча билим алып жаткан студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү уюштурулду.


Студенттерге Сот департаментинин ишмердүүлүгү, анын негизги милдеттери, түзүмү жана иш багыттары жөнүндө толук маалымат берилди. Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгүнө, алардын кызматтык милдеттерине жана жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулду.


Мындан тышкары, катышуучуларга мамлекеттик кызматка кирүү тартиби, кадр саясаты жана коюлган квалификациялык талаптар жөнүндө маалымат берилди.


Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден толук жоопторун алышты. Өткөрүлгөн иш-чаралар ачык диалог үчүн натыйжалуу аянтча болуп, студенттердин кесиптик багытына өбөлгө түзүп, аларга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги жана мамлекеттик кызмат тутуму жөнүндөгү билимдерин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.


Иш-чарага Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Акжол Нарбаев, кадрлар секторунун башчысы Медер Мамажунусов, ошондой эле Ош аймактык сот приставдар кызматынын улук сот приставы Усен Эргешов катышышты.