Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын, Талас жана Ош облустук башкармалыктары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутумун колдонуу маселелери боюнча окутуу семинарлары уюштурулду.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын аймактык башкармалыктары менен биргеликте «Иш кагаздарын жүргүзүү» темасында сабактар өткөрүлдү.
Иш-чараларга Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери, Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары, ошондой эле жергиликтүү соттордун кызматкерлери катышышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутумун туура колдонуу боюнча кеңири маалымат берилип, иш процессинде жаралган суроолорго түшүндүрмөлөр берилди жана практикалык сунуштар айтылды. Архив кызматынын аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү мамлекеттик кызматта иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги талаптарын, ошондой эле мекеменин фирмалык бланктарын жана документтердин реквизиттерин туура тариздөө тартибин кеңири түшүндүрүштү.
Семинарлардын негизги максаты — сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, электрондук системалар менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура түзүү жана жүргүзүү сапатын жакшыртуу болуп саналат.


