KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош жана Балыкчы шаарларында сот аткаруучулар менен сот приставдар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештер өттү

07 июня 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын демилгеси менен “Спорт — ден-соолуктун булагы” ураан алдында Ош областынын район жана шаардык сот аткаруучулар жана сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери менен Ош облустук сотунун судьяларынын арасында  волейбол жана кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү.


Иш чарага Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын  башчысы Кубанычбек Байкишиев катышышты.


Мирлан Боромбаев турнирди ачып жатып, спорт адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн гана жакшыртпастан анын кулк-мүнөзүнө дагы пайдалуу таасирин тийгизе тургандыгын айтты.


Волейбол оюну боюнча мелдештин жыйынтыгында биринчиликти Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын командасы багындырды, экинчи орунду Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы ээледи, ал эми үчүнчү орунга Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы  ээ болду.


Ал эми, футбол боюнча биринчи орунду Ош облусунун сот приставдар кызмат бөлүмүнүн командасы багындырып, экинчи орунду Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары ээлеп, үчүнчү орунга Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы татыктуу болду.


Жалпысынан  мелдешке 10 команда ат салышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды. Ошону менен бирге, мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталып, сыйлуу белектер тапшырылды.


Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Аталаган иш чара кызматкерлердин арасында достук мамилени бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо жана спортту өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.


Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык соту тарабынан кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш сот тутумунун кызматкерлеринин арасында өткөрүлдү.


Жалпысынан таймашта облустук соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Сот департментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.


Биринчи орунду багынткан Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда «Эстелик кубогу», биринчи даражадагы медаль, диплом менен сыйланышты. Экинчи орунду ээлеген Ысык-Көл  облустук сотунун командасы  менен үчүнчү орунду алган Каракол шаардык сотунун командасы диплом жана медалдар  тапшырылды.