Бүгүн, 2025-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жамааты кезектеги ишембиликке катышты. Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Ленин районунун сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районундагы А. Чортеков көчөсүн И. Ахунбаев көчөсүнөн С. Айни көчөсүнө чейин тазалашып, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтышты. Бул аймак Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тазалоо үчүн Сот департаментине бекитилип бекитилген.