Бүгүн, 2026-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратында «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү гендердик теңчилик» аттуу тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара Сот департаментинин кызматкерлеринин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат тутумунда теңчиликти камсыз кылуу, басмырлоого жол бербөө жана адам укуктарын сактоо боюнча билимдерин бекемдөөгө багытталды.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар гендердик теңчилик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык стандарттарды карап чыгып, жынысына карата басмырлоонун алдын алуу жана мамлекеттик кызматта аялдар менен эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын спикери Надежда Пригода — гендердик эксперт, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти болду.
Тренинг ачык диалог жана кесиптик пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучуларга мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө гендердик теңчилик принциптерин ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин жана практикалык аспектилерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чарага Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, «Аял-Судьяларынын Кыргыз Ассоциациясы» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Зульфия Турумбекова, ошондой эле Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышышты.
Тренинг кызматкерлердин гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш сектору тарабынан уюштурулду.


