KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты

23 февраля 2026

Майрам күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жамаатынын айымдары мекеменин мырзаларын 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү менен салтанаттуу түрдө куттукташты.


Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова, профсоюздук комитетинин төрайымы Назира Сагыналиева, кадрдык иштерин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Замира Осмонова жана башка кызматкер айымдар куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мырзалардын эмгегин, кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин белгилеп, аларга бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди, кайраттуулук, чыдамкайлык жана бакубатчылык кааларын билдиришти.


Иш-чаранын соңунда мырзаларга белектер тапшырылды.


Өз кезегинде жамааттын мырзаларынын атынан Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов айымдар жамаатына айтылган жылуу каалоо-тилектери, белектери жана майрамдык маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.


Урматтуу, кымбаттуу мырзалар!
Сиздерге кажыбас кайрат, чыдамкайлык, акылмандык жана бекем ден соолук каалайбыз. Ар бир баштаган ишиңиздер ийгиликтүү болуп, максат-тилектериңиздер орундалсын!