KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде коррупциянын алдын алуу жана кызматтык этика маселелери боюнча семинар өттү

03 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратында «Кыргыз Республикасынын учурдагы антикоррупциялык саясаты жана сот тутумундагы коррупциянын алдын алуу» аттуу темада семинар болуп өттү.


Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев иш-чараны ачып, сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин, мындай иш-чараларды өткөрүү кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамдуулуктун, ачык-айкындуулуктун жана кызматтык этиканын принциптерин бекемдөөгө өбөлгө болоорун белгиледи. Жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу үчүн коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуунун жана кызматтык милдеттерди ак ниеттүү аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Дүйшөнбек кызы Гүльнара өлкөнүн мамлекеттик антикоррупциялык саясатынын негизги багыттары, коррупциянын алдын алууда колдонулуп жаткан механизмдер, мындан сырткары сот тутумундагы коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери жөнүндө айтып берди.


Антикоррупциялык мыйзамдардын ченемдерин сактоого, кызматтык этиканын талаптарына жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чаранын катышуучулары коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу чаралары боюнча маалымат алышып, кесиптик ишмердүүлүктө антикоррупциялык стандарттарды колдонуунун практикалык аспектилерин талкуулашты.


Андан соң Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору Эрмек Садыков «Мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи» аталыштагы темада лекция окуду.


Окутуунун жүрүшүндө кызматтык этика нормаларын сактоо, жарандарга сылык жана туура мамиле кылуу, расмий дресс-код талаптарын жана кызматтык тартипти сактоо, кесиптик маданиятты жана коомчулуктун сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.


Лекциянын соңунда кызматкерлерди кызыктырган маселелер боюнча кеңири талкуу жүрүп, суроо-жооп форматынада пикир алмашуу орун алды.


Мындай иш-чараларды өткөрүү Сот департаментинин кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатууга жана ак ниеттүүлүк, чынчылдык, ачык-айкындуулук принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны 2025–2027-жылдарга ишке ашыруу боюнча Сот департаментинин бекитилген иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.