Сот департаментинде «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган өзгөчө мазмундуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага белгилүү манас таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери Жылдыз Орозобекова, ошондой эле жаш манасчы Узарбек Анарбеков катышты. Жыйынга Сот департаментинин жетекчилиги жана борбордук аппараттын кызматкерлери да катышышты.
Профессор Жылдыз Орозобекова катышуучуларга ««Манас — уңгу башаттагы мамлекеттик структуралык эрежелер» аттуу кызыктуу лекция окуп, Манас эпосунун тарыхый мааниси, идеялык мазмуну, коомдук жана тарбиялык ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эми жаш манасчы Узарбек Анарбеков эпостон көркөм айтылуу үзүндүлөрдү аткарып, иш-чаранын руханий маанайын дагы да жогорулатты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер эпоско байланыштуу жаңы, бай мазмундагы маалыматтарды угуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Сот департаментинин директорунун орун басары Канат Осмонов конокторго терең мазмундуу баяндамалары жана көркөм аткаруулары үчүн ыраазычылык билдирип, мындай маданий жолугушуулар кызматкерлердин руханий дүйнөсүн байытып, улуттук баалуулуктарды жайылтууда чоң роль ойной турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, сот тутумунун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-планынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы М. Сатыевдин 2025-жылдын 10-ноябрындагы №308 буйругуна ылайык, сот органдарында «Манас угуу декадасын» өткөрүү каралган.


