KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

23 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде Сот департаментинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун 2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Иш-чарага 20 дан ашык студент катышып, алар Сот департаментинин ички түзүмү жана ишмердүүлүгү менен таанышып, ведомствонун жетекчилери жана кызматкерлери менен баарлаша алышты.


Жолугушуунун алкагында сот органынын өкүлдөрү Сот департаментинин тарыхы жана ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери, сот аткаруучулар менен сот приставдардын ыйгарым укуктары, алардын милдеттери, ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.


Ошондой эле катышуучулар үчүн экскурсия уюштурулуп, алар кызматтык бөлмөлөр жана кабинеттерди кыдырып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна кеңири жоопторду жана кесиптик жактан өнүгүү боюнча баалуу кеңештерди  алышты.


Жолугушуу жылуу, достук жана кесипкөй маанайда өттү. Мындай кызматташуу студенттерге юриспруденциядагы иштин өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүүгө жана кесиптик даярдыктарын арттырууга жардам берет.


Иш-чаранын соңунда Сот департаментинин кызматкерлери бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, студенттер менен мындан аркы кызматташуу боюнча үмүтүн билдиришти.


Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар жаштар арасында укуктук маданиятты жогорулатууга багытталган.