Бүгүн, 2026-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун 2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага 20дан ашык студенттер катышып, Сот департаментинин түзүмү жана ишмердүүлүгү менен таанышып, мекеменин жетекчилери жана кызматкерлери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жолугушуунун алкагында сот органынын өкүлдөрү Сот департаментинин тарыхы жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, сот приставдарынын, укуктары жана милдеттери, ыйгарым укуктары тууралуу айтып беришти. Өзгөчө көңүл кадр саясатына бурулду.
Студенттерде талкууланган темалар чоң кызыгуу жаратып, алар активдүү суроолорду беришип, кеңири жоопторун алышты, анын ичинде жумушка орношуу жана сот тутумунда кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да суроолор болду.
Ошондой эле катышуучулар үчүн кызматтык жайларда жана иш бөлмөлөрдө экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттер кесиптик өнүгүү боюнча пайдалуу сунуштарды алышты.
Сот приставдары студенттерге кызматтык автоунаасын жана өздөрүнүн атайын жабдууларын көрсөтүштү.
Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов студенттерди өзүнүн кабинетинде кабыл алып, мекеменин ишмердүүлүгү жана сот тутумундагы ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушуу жандуу жана интерактивдүү форматта, меймандостук маанайда өттү. Мекеменин кызматкерлери катышуучуларга суроолорду узатып, алардын тапкычтыгын жана жигердүүлүгүн текшерди, ал эми туура жооп берген студенттерге чакан белектер тапшырылды. Бул себептүү баарлашуу мазмундуу жана кызыктуу өттү.
Мындай өз ара аракеттенүү студенттерге юриспруденция тармагындагы иштин өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүнүүгө жана келечектеги кесибине даярдыгын жакшыртууга жардам берет.
Иш-чаранын соңунда Сот департаментинин кызматкерлери бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, студенттер менен мындан аркы кызматташуу боюнча үмүтүн билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар жаштар арасында укуктук маданиятты жогорулатууга багытталган.


