KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде жана Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча профилактикалык иш чара өткөрүлдү

18 декабря 2024

2024-жылдын 17-декабрында КР ИИМнин КИББнын 4-Башкармалыгынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин ортосунда жолугушуу болуп, анда ведомстводогу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча маселелер талкууланды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2025-2030-жылдарга мамлекеттик стратегияга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүүнү ишке ашырууга багытталган темалар козголду.


Жолугушуунун жүрүшүндө КР ИИМ кызматкерлери тарабынан «Коррупциясыз коом – жаркын келечек» темасында презентация өткөрүлдү.


Иш-чарага Сот департаментинин борбордук аппаратынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери катышышты.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМнин КИББнын 4-Башкармалыгынын ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Талгат Бузурманкулов, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын ИИМнин КИББнын 4-Башкармалыгынын ыкчам өкүлү милициянын майору Улан Бабаев жана ИИМдин Академиясынын Коомдук-саясий дисциплиналар жана психология кафедрасынын окутуучусу милициянын ага лейтенанты Алымбек уулу Медетбек активдүү катышып, баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.


Ушундай эле иш чара 2024-жылдын 25-декабрында Сот департаментинин Нарын облусутук башкармалыгында өткөрүлдү. Жыйында башкармалыктын кызматкерлери, Нарын шаарынын жана Нарын районунун сот аткаруучулары жана сот приставдары катышты.


Коррупцияга каршы күрөш боюнча башкармалыктын башкы адиси Таласбек Абдрахманов Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» жана «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзамдарынын негизги жоболорун түшүндүрдү. Жыйында коррупциянын пайда болушунун себептери, аны жоюу, алдын алуу жана коррупциялык укук бузууларды алдын алуу боюнча чаралар талкууланды.


Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамында каралган коррупцияга каршы күрөшүү механизмдери каралды.


Башкармалыктын начальниги  Чакиев Адилет Молдошович мыйзам чегинде иштөө, кызматтык милдеттерди так аткаруу жана жарандар менен иштөөдө этикалык нормаларды сактоо маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо мамлекеттик кызматкерлердин негизги багыты болушу керектигин баса белгиледи.