Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде 25 жылдан ашык эмгектенген Сот департаментинин ресурстарды башкаруу башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Галина Жемчугованы ардактуу эс алууга узатууга арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова жана ведомствонун кызматкерлери катышышты.
Джылдыз Рыскулова өз сөзүндө Галина Жемчуговага кызматка берилгендиги, кесипкөйлүгү, ак ниеттүүлүгү жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ардагери» медалын тапшырды.
Куттуктоо сөздөрү менен ошондой эле Сот департаментинин башкармалыктарынын башчылары, бөлүм башчылары жана кызматкерлери чыгып сүйлөштү.
Өз кезегинде Галина Жемчугова кесиптештерине биргелешкен жемиштүү ишмердүүлүгү, көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди жана карьералык өсүш кааларын билдирди.