KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сузак районунда карызкорлорду турак жайдан чыгаруу жөнүндө соттун чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды

23 июня 2025

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу тарабынан 2025-жылдын 18-июнунда Сузак райондук сотунун К.Я.М. жана К.Г.И. аттуу жарандарды, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата башка турак жай бербей көчүрүү жөнүндөгү чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.


Сот тарабынан берилген аткаруу баракчасы сот аткаруучулар кызматына 2024-жылдын 10-майында келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот аткаруучу тарабынан соттун чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруу үчүн бардык керектүү документтер тапшырылган. Карызкорлорго алардын укуктары жана милдеттери да түшүндүрүлгөн. Бирок мыйзамда белгиленген мөөнөттө соттун чечими аткарылган эмес.


Буга байланыштуу карызкорлорго 2025-жылдын 18-июнуна белгиленген турак жайдан мажбурлап чыгаруу жөнүндө расмий билдирүү жөнөтүлгөн. Аткаруу күнү, карызкорлордун жакын туугандары тарабынан каршылык көрсөтүлгөнүнө карабастан, турак жайдан чыгаруу иштери мыйзам чегинде жүргүзүлдү. Турак жай бошотулуп, өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.