Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас кампусунун юридикалык факультетинин биринчи курсунун студенттери жана окуу жайдын окутуучулары катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты болуп студенттерге Сот департаментинин ишмердүүлүгүнүн багыттары жана анын сот тутумундагы ролу жөнүндө, ошондой эле Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү, алардын ыйгарым укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берүү саналат. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн кызматтык жайларда жана иш бөлмөлөрдө экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттер кесиптик өнүгүү боюнча пайдалуу сунуштарды алышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мамлекеттик кызматка болгон кызыгуусун калыптандырууга жана билим берүү мекемелери менен сот тутумунун ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.


