KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында «Инфодокс» системасы жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу өткөрүлдү

15 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутумун колдонуу маселелери боюнча окутуу өткөрүлдү.


Семинарга Талас облусунун жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү тутумун туура пайдалануу жөнүндө кеңири маалымат берилди. Адистер системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири айтып беришти. Электрондук документтер менен иштөө тартибин, анын ичинде документтерди аткаруу мөөнөттөрүн сактоо жана көзөмөлдөө маселелерин түшүндүрүп, берилген суроолорго жооп беришти. Ошондой эле системаны күнүмдүк ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонуу үчүн практикалык сунуштарды берип, пайдалуу кеңештер менен бөлүштү.


Аталган семинарда лектор катары  Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин квалификацияны жогорулатуу жана аймактар боюнча маалыматтык-санариптик системаны өнүктүрүү кызматынын адиси  Марат уулу Узак катышты.


Семинарды өткөрүүнүн негизги максаты — сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, заманбап электрондук системалар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле документтерди даярдоонун, тариздөөнүн жана жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.