2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү жана этика нормаларын сактоо боюнча жыйындар болуп өттү.
Иш чарага Башкармалыктын кызматкерлери, Талас облусунун САКБларынын улук сот аткаруучулары жана сот аткаруучулары катышышты.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын буйрук менен бекитилген башкармалыктын жооптуу кызматкери, жетектөөчү адиси Темирлан Джолдошев Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 08-августундагы №153 сандуу “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” Мыйзамы менен тааныштырып, коррупциянын себептерин аныктоо жана андан ары жоюу жана алдын алуу, коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу, аныктоо жана иликтөө боюнча түшүндүрмөлөрдү берди. Ошондой эле мыйзам чегинде иш аракеттерди так жүргүзүү жана кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын белгиледи.
Ошону менен бирге башкармалытын башкы адистери Айдайкан Кожокулова жана Кубат Манапбаев жалпы кызматкерлерди кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого, жарандар менен мамиле түзүүдө сылык мамиле жасоого чакырып, мамлекеттик кызматчынын этикасынын принциптерин, нормаларын сактоо керектигин белгилешти.
Мындан сырткары, катышуучулар “Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлктөрү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тартиби тууралуу”
Жобо менен тааныштырып, декларацияны тиешелүү мөөнөттө тапшыруусу эскертилди.
Ушундай эле иш чара 2024-жылдын 18-декабрында Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгында да өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен облустук башкармалыгынын Сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы Улукбек Назаров сот аткаруучуларды этика нормаларын сактап, жарандарга сылык мамиле кылып, маселелерин оперативдүү чечүүгө чакырды.
Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов жыйындын аягында сот аткаруучулардын ишинин сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.