KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облустук башкармалыгында улук кызмат орду үчүн ички кадрлар резерви түзүлдү

06 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында ички кадрлар резервинин улук кызмат ордуна киргизүү үчүн жарыяланган ачык конкурстун маектешүү этабы өткөрүлдү.


Маектешүүнүн жүрүшүндө конкурстук комиссия талапкерлердин кесиптик даярдыгын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин, иш тажрыйбасын, ошондой эле алардын башкаруучулук, ишкердик жана жеке сапаттарын ар тараптуу баалады. Өзгөчө көңүл талапкерлердин негиздүү чечим кабыл алуу жөндөмүнө, иш процессин натыйжалуу уюштура билүүсүнө жана мамлекеттик кызматтын принциптерин сактоосуна бурулду.


Маектешүүнүн жыйынтыгында 9 талапкер конкурстук тандоодон ийгиликтүү өтүп, Башкармалыктын ички кадрлар резервине улук кызмат орду боюнча киргизилди.


Конкурстук тандоо колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына так ылайык, ачык-айкындуулук, калыстык, мыйзамдуулук жана бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптеринин негизинде өткөрүлдү. Ачык конкурсту өткөрүүнүн негизги максаты — жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткара алган жана Сот департаментинин ишмердүүлүгүн сапаттуу камсыздоого жөндөмдүү кесипкөй кадрлар резервин калыптандыруу болуп саналат.