KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун Манас райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдарынын ишмердүүлүгү тууралуу видеорепортаж даярдалды

08 июля 2026

Талас облусунун Сот приставдар кызматы Манас райондук Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүнө арналган «Сот приставдарынын милдеттери» аттуу видеорепортаж даярдады.


Репортаждын башкы каарманы – Талас облусунун Манас районунун сот приставы Нуржан Конушбаев. Ал сот приставдардын негизги милдеттери, соттун чечимдерин аткаруу, анын ичинде мажбурлап алып келүү боюнча иштер тууралуу айтып берди. Ошондой эле өзүнүн кесиптик жолу, кызматтын өзгөчөлүгү жана мамлекетке кызмат кылууга болгон шыктануусу менен бөлүштү.


Видеорепортаж жарандарды сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында даярдалды.


Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=jYwr9YrY3po