Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук сот приставдар кызматы тарабынан «Сот приставынын милдеттери» аттуу видеорепортаж даярдалып, анда Кара-Кулжа райондук сот приставдар кызмат бөлүмүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгү чагылдырылган.
Видеоматериалда сот приставдары көрүүчүлөрдү өздөрүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, ошондой эле соттордун мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомдорун аткаруу тартибин түшүндүп беришти. Мындан тышкары, алар өз кесибинин өзгөчөлүктөрү, күнүмдүк кызмат өтөөсү жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга түрткү болгон баалуулуктар тууралуу айтып беришти.
Видеорепортаж жарандарды Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштыруу, сот приставдарынын иши тууралуу объективдүү түшүнүк калыптандыруу жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында даярдалды.
Видеону көрүү үчүн төмөндөгү шилтемеге өтүңүз. https://www.youtube.com/watch?v=U6OUgL-6Kzk


