Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттер менен суроо-жооп форматында маек курулуп, төмөнкү темалар боюнча маалыматтар берилди:
- Конституциянын кабыл алуу тарыхы жана ага киргизилген өзгөртүүлөр;
- Конституциялык түзүлүштүн негиздери;
- Сот департаментинин ишмердүүлүгү;
- Учурдагы соттук реформалар жөнүндө;
- Коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдери;
- Мамлекеттик кызмат өтөө тууралуу түшүндүрмөлөр.
Иш-чара студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Факультеттин жетекчилиги мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилеп, байма-бай өткөрүп туруу демилгесин көтөрдү.