Ош облусунун Араван райондук сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдары Ноокат райондук сотунун кылмыш иши боюнча күбөнү мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомун аткарышты.
Сот актысын аткаруунун алкагында сот приставдары тарабынан 2026-жылдын 24-февралында саат 10:00до өтө турган сот отурумуна катыштыруу максатында күбө сот имаратына өз убагында жеткирилди. Бардык процесстик иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлдү.
Ош облусунун сот приставтар кызматы жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын так сактоо менен, мажбурлап алып келүү иштерин сот актыларынын негизинде гана жүргүзөт.


