KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду

12 ноября 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду.


Иш сапары учурунда Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облусунун Сот приставдар кызматынын 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кеңешме өткөрүп, облус боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчетторун укту.


Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облусунда жергиликтүү соттордун мажбурлап алып келүү боюнча токтомдорун аткаруу жагы былтыркы жылга салыштырмалуу пайыздык көрсөткүчтөр жогорулаганын белгилеп, жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтөрдү дагы көтөрүү тапшырмасын койду.


Мындан сырткары, сот приставдарын форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилерин талапка ылайык сактап, мыйзам талаптарына ылайык ак ниеттүүлүк менен иш алып барууга жана жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды.


Ошондой эле, Джылдыз Рыскулова Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыевдин катышуусунда 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.


Кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн кызматкерлер Сот департаментинин төш белгилери, Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.