KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутуму менен таанышуу: студенттер Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында болушту

21 мая 2025

2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгында Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Гуманитардык-юридикалык колледжинин 1-курсунун студенттери үчүн конок лекциясы өткөрүлдү.


Иш-чара болочок адистерди башкармалыктын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана сот органдарынын иши жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында уюштурулду.


Жолугушуу башкармалыктын имаратында экскурсия менен башталып, анын жүрүшүндө студенттер Сот департаментинин түзүмү жана ишмердүүлүгү, сот аткаруучулар менен сот приставдарынын милдеттери жана укуктары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле, сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Студенттер жигердүүлүк көрсөтүп, кызыктырган суроолоруна кеңири жоопторду алышты.


Лекторлор катары башкармалыктын башкы адистери Айдай Кожокулова жана Айгерим Назарбекова, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Элнура Жусупова жана Талас облусунун улук сот приставы Калыс Анарбеков сөз сүйлөштү.


Жолугушуунун соңунда башкармалыктын кызматкерлери студенттерге окууларында ийгиликтерди каалап, тандаган кесиптик жолунда өз ордун табуусуна тилектештигин билдиришти.