2025-жылы сот тутумунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана санариптик трансформациялоо багытында ири иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу коллегиянын жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын ичинде курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин жалпы наркы 988 695,7 миң сомду түзүп, анын ичинен 350 164,6 миң сом өздөштүрүлгөн. Каражаттар сот мекемелеринин имараттарын курууга, кеңейтүүгө жана капиталдык оңдоого багытталган.
Негизги долбоорлордун катарында Ысык-Ата, Москва, Ат-Башы, Кара-Суу, Сокулук, Кочкор, Кара-Кулжа, Аламүдүн, Чаткал жана Чоң-Алай райондук сотторунун, ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык сотунун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун административдик имараттарын куруу, кеңейтүү жана капиталдык оңдоо иштери аткарылганы маалымдалды.
Мындан тышкары, Сот департаментинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ал эми Жумгал райондук соту үчүн жаңы имарат курууга долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатканы белгиленди.
«2025-жылга такталган бюджет 3 900 322,5 миң сомду түзүп, анын 86,8 пайызы же 3 386 697,1 миң сому кассалык негизде аткарылган. Аткарылбай калган каражат 13,2 пайызды түзгөн.
Ал эми сот отурумдарын аудио жана видео жаздыруу системасын киргизүү үчүн 287 215,7 миң сом каралган. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер улантылууда.
Маалыматтарды топтоо борборун түзүү максатында сервердик жабдыктарды жана маалыматтарды сактоо тутумун сатып алууга 135 479,1 миң сом суммасында келишим түзүлүп, аны орнотуу иштери 2026-жылдын мартында аяктары пландалууда», — деп белгиледи директордун орун басары.
Аида Осмонбекова сөзүнүн соңунда 2026-жылга пландалган иштер тууралуу маалымат берип, анда 8 объекттин курулуш иштерин аяктап ишке берүү керектигин, 6 объекттин курулуш иштери башталып, 11 объекттин курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордук сметалык документтер даярдаларын белгиледи.
Жүргүзүлүп жаткан иштер сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, сот кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана сот тутумунун ачыктыгын бекемдөөгө багытталган.
https://www.youtube.com/watch?v=s_OOE5AqtoY


