Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте мамлекеттик камсыздандыруу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2026-жылдын 29-майындагы № 14-14668-катынын негизинде өткөрүлдү.
Иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери камсыздандыруунун негизги түшүнүктөрү, анын түрлөрү, ыктыярдуу жана милдеттүү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү, камсыздандыруунун артыкчылыктары, ошондой эле жарандардын камсыздандыруудагы укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири баяндап берди.
Мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик камсыздандыруу маселелерине, камсыздандыруу учурлары болгондо камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартибине, мындан сырткары камсыздандыруу компенсациясын алуу үчүн зарыл документтерди тариздеп алуу процедурасына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын соңунда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, камсыздандыруу мыйзамдарынын айрым аспектилерин түшүндүрүп, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым жагдайларга тереңирээк токтолушту.


