KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында ачык эшиктер күнү: келечектеги юридикалык кесипке карай кадам

08 апреля 2026

2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин юридикалык багытта билим алган студенттери үчүн “Ачык эшик күнү” аттуу иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн атайын даярдалган презентация тартууланып,мекеменин негизги милдеттери, функциялары жана сот тутумундагы ролу кеңири түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, студенттер үчүн кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнө экскурсия уюштурулуп, алар күнүмдүк иш процесси менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жоопторун алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге мамлекеттик кызматка орношуу тартиби, талаптары жана жаш адистер үчүн каралган мүмкүнчүлүктөр тууралуу кошумча маалымат берилди.


Жолугушуунун жыйынтыгында Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Жунусалиев Эмилбек Абдыбекович студенттерге окууларында ийгиликтерди каалап, үзгүлтүксүз билим алуунун, өз үстүндө иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал мындай иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлүп турарын, Башкармалыктын эшиги ар дайым жаш адистер үчүн ачык экендигин жана келечекте кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.


Аталган иш-чаранын негизги максаты — студенттерди сот тутумунун  ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, алардын укуктук билимин жогорулатуу жана келечекте юридикалык кесипке кызыгуусун арттыруу болуп саналат.