Урматтуу Сот департаментинин кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана анын тутумуна кирген аймактык бөлүмдөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм!
1994-жылдын 1-ноябрында сот реформасынын алкагында сот бийлигинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуунун потенциалдуу жаңы тутуму үчүн укуктук негиз түзүлүп, бул анын өз алдынчалыгынын жана көз карандысыздыгынын принциптерин толук өлчөмдө ишке ашырууга мүмкүндүк берди.
30 жыл ичинде Сот департаменти тарабынан эбегейсиз алгылыктуу аракеттер аткарылды. Соттордун ишмердүүлүгүн каржылоонун белгилүү деңгээлине жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Соттордун имараттарынын инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы баскычка көтөрүлдү, материалдык база жаңыланып, чыңдалууда.
Жыл өткөн сайын сот адилеттигин ишке ашыруунун стандарттары жогорулоодо: көптөгөн процесстер автоматташтырылды, жарандар үчүн аны ачык жана жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзүүчү маалыматтык технологиялар жана сервистер жайылтылууда. Белгилей кетсек, келечекте сот өндүрүшүн санариптештирүү мындан ары да өнүктүрүлө бермекчи.
Юбилейлик датада көп жылдар бою өз эмгеги менен соттордун өз алдынчалыгын, сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө салым кошкон ардактуу ардагерлерди баса белгилеп кетким келет. Сиздер Сот департаментинин ишмердүүлүгүн ийгиликтүү өнүктүрүп, өркүндөтүү үчүн бекем пайдубал түптөп келгенсиздер.
Сот департаментинин бардык кызматкерлерине, сот аткаруучуларына жана сот приставдарына жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, кесипке берилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү жетишкендиктерибиз ар бириңиздердин эмгегиңиздер. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, коомдун жана мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө арналган ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди жарата беришиңиздерди каалайм.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
Сот департаментинин директору
Урмат Кожомбердиев