Урматтуу сот аткаруучулар, сот приставдары жана жалпы сот тутумунун кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өтүп бараткан жылды узатып, Жаңы жылды асыл үмүт, аруу тилек менен тосуп алган бул өзгөчө мезгилде, келе жаткан жыл бүткүл дүйнөнү жакшырта турган өзгөрүүлөрдү алып келет деп терең ишенем.
Адатта жыл жаңырып жатканда өткөнгө саресеп салып, алдыга жаңыча иш максаттарды коюп, жаңы бийиктиктерге умтулабыз. Жаңы жылда бардык каалоо-тилектер орундалып, жаңы жетишкендиктерге жана ийгиликтерге дем берип, элибизге ынтымак жана эртеңки күнгө ишеним тартууласын.
Ар бир үй-бүлөгө бекем ден-соолук, кыялдардын жана үмүттөрдүн аткарылышын, тынчтык жана бакубатчылык, кубаныч жана ынтымак каалайм. Келе жаткан 2025-жылы коомубузда биримдик жана өз ара түшүнүшүү өкүм сүрүп, өлкөбүз туруктуулукка, гүлдөп-өнүгүүгө жана бакубатчылыкка карай жолун улантсын. Ар бир жаңы күнүбүз өсүп-өнүгүү жана жетишкендиктер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин жана жаркын келечекке болгон ишеним бизди бийик максаттарга жетүү үчүн күч-кубат жана жаңы дем менен байытсын!
Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
Сот департаментинин директору
Урмат Кожомбердиев