Баткен облусунун Раззаков шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 23-январындагы токтомуна ылайык, Лейлек райондук сотуна жаңы административдик имарат куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди.
Аталган жер тилкеси Раззаков шаарынын мэриясынын менчигинде болуп, Кирпичная көчөсүндөгү эски кыш заводунун аймагында жайгашкан. Анын аянты 3000 чарчы метрди түзөт.
Жер тилкесинин абалы менен таанышуу максатында Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурислам Искандаров, облустук башкармалыктын 1-категориядагы инженери (техникалык көзөмөлдөөчү) Аскарали Убрайымов жана Лейлек райондук сотунун бөлүм башчысы Аширмат Аширов жеринде болушуп, тиешелүү иштерди жүргүзүштү.
Жаңы административдик имараттын курулушу сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана жарандарга көрсөтүлүүчү сот кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган.


