KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин 30 жылдыгына карата Бишкек шаардык сот приставдар кызматы тарабынан кичи-футбол боюнча мелдеш уюштурулду

04 ноября 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2024 жылдын 2-ноябрында Бишкек шаардык Сот приставдар кызматы тарабынан кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.


Бул жолку өткөн мелдеште Бишкек шаарынын Сот аткаруучулар кызматынын командалары да катышышты.


Кыл чайнашкан кызуу мелдеште биринчи орунду багындыруу бактысы сот аткаруучулар командасына буюрду. Экинчи орун Октябрь жана Свердлов райондору боюнча сот приставдар кызмат бөлүмүнө, ал эми үчүнчү орунга Биринчи май жана Ленин райондору боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмү ээ болушту.


Мелдештин уюштуруучусу Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондору боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Арстан Муратбеков жана Бишкек шаарынын улук сот приставы Сапар Оморов жеңүүчүлөргө кубок жана башка баалуу сыйлыктарды тапшырышты.


“Адатка айланып калган бул мелдеш барган сайын кулач жайып барат. Келечекте Сот департаментинин башка да структуралык түзүмдөрүнүн командаларын да катыштыруу үчүн иш алып баруудабыз”, – деп белгиледи Сапар Оморов.


Белгилей кетсек, ар бир мелдеш бүйүр кызыткан маанайда өтүп, кызматкерлердин арасындагы ынтымак менен достук мамилени бекемдеп, ден-соолукту чыңдоого зор өбөлгөсүн тийгизип келет.