Ысык-Көл облусундагы сот тутумунун кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, жамааттык ынтымакты бекемдөө жана достук мамилелерди өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн иш-чара Ак-Суу райондук соту тарабынан уюштурулду.
Мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышты. Анда Ысык-Көл облустук сотунун жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун, ошондой эле Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын, Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн курама командалар кызыктуу оюн көрсөтүштү.
Турнир абдан кызыктуу жана башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү. Катышуучулар жогорку деңгээлдиги даярдыгын, командалык биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй аныкталды:
I орун – Сот департаментинин Ысык-Көл областук башкармалыгы;
II орун – Түп райондук сотунун командасы;
III орун – Ысык-Көл облустук соту.
Мындан тышкары “Эң мыкты оюнчу” “Эң мыкты коргоочу” жана “Эң мыкты дарбазачы”номинациялары боюнча мыктылар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.
Кийинки турнирди уюштуручуу үчүн өтмө кубок Ысык-Көл райондук сотуна өткөрүлүп берилди.


