2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери сот приставтар кызматынын бөлүмү менен биргеликте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган кайрымдуулук акциясына катышты.
Иш-чаранын алкагында башкармалыктын кызматкерлери Нарын шаарында жашаган төрт үй-бүлөгө барып, азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүштү. Акция коомчулуктун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо маселелерине, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана алардын өлкөнүн жашоосуна толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Ушундай эле иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында да өттү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери кайрымдуулук акциясына катышып материалдык жардам корсотушту.
Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов жана кадрларды камсыздоо секторунун башчысы Асылбек Маданбеков Манас шаарындагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышып, мекеменин кызматкерлерине алардын кесипкөйлүгү, балдарга көрсөткөн камкордугу жана мээрими үчүн ыраазычылык билдиришти.


